Новости

Сентябрым келипсиң, Аптап күндү жеңипсин. Китеп, дептер балдарга, Түгөл баарын берипсин. Биздин өлкөдө жыл сайын 1- сентябрь «Билим күнү» катары белгиленет. Билим күнү — бул бардык окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин майрамы. Бул күндү биз да Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби жылуу маанайда тосуп алдык. Бул жылы биздин мектепке 1-класска 15 окуучу мектеп босогосун […]
02.09.2022 6
Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022 -окуу жылдын 7-июлунда саат 9:00 11-класстын «Аттестат тапшыруу аземи » болду. Бүтүрүү аземине ата-энелер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр катышты. Мектеп директору: Сариева З.О Саламатсыздарбы ата-энелер, мугалимдер, сүйүктүү биздин окуучулар. Албетте бүгүнкү аземдин ээлери кымбаттуу бүтүрүүчүлөр. Бүгүн дагы бир окуу жылы ийгиликтүү аяктоодо. Ошондой эле бүгүн биздин бүтүрүүчүлөр […]
15.07.2022 33
Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 5-июлунда саат 9:00да, 9-класстар үчүн негизги билими тууралуу «Күбөлүктөрдү тапшыруу аземи» өткөрүлдү. Быйылкы 2021-2022-окуу жылында 9-классты 16 бүтүрүүчү аяктап жатат. Салтанаттуу аземге 9-класстын бүтүрүүчүлөрү, мектеп администрациясы, мугалимдер жана ата-энелер катышышты. 💐Тапшыруу аземинде мектеп директору Сариева Зейне Омурасановна куттуктоо сөзүн айтып, бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөрдү тапшырды. Андан соң класс […]
07.07.2022 12
Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебин 2021-2022- окуу жылында 11-класстын 7 бүтүрүүчүсү аяктады. 2022-жылдын 11-июнунан 22-июнуна чейин 4 милдеттүү, 1 тандоо сабагынан мамлекеттик экзамен беришти. 📝Биринчи экзамен кыргыз тили жана адабиятынан болду. Экзамендин төрайымы : Сариева З.О. Экзаменатор: Токушева А.А. edu.gov.kg сайтынан экзамендин тапшырмаларын саат 6:30 га чейин чыгарып даярдашты. Окуучуларды экзаменге саат […]
06.07.2022 28
Айланаңдан кетпеймин, Ар убакта эстеймин. Таалим берип өстүргөн, Билим кени мектебим. Акыркы коңгуроо…Балалыктын, тазалыктын, аруу- сезимдин акыркы коңгуроосу. Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 9-июнунда «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземи болуп өттү. Быйылкы окуу жылында мектепти 7 бүтүрүүчү аяктап жатат. Бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн кубанычтуу ошону менен бирге капалуу да күн болуп саналат. […]
04.07.2022 32
Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 7-июнунда райондук деңгээлдеги «Кемин жылдыздары» атуу фестиваль кароо сынагы болуп өттү. Кароо сынакка 29 мектеп ат салышты. Ар бир мектептен ар түркүн молверттерге көз жоосун алган сүрөттөр илинип, «Келечектеги менин айылым» аттуу темадагы макеттер жасалды. Ошондой эле ар бир мектептен келген ар таланттуу окуучулар таланттарын тартуулашып, […]
04.07.2022 34
2022- жылдын 4-июнунда Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 8-9-10-11-класстар менен бирдикте «Бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо» күнүнө карата ООСМКР «Eco life» аттуу жаратылыш койнунда семинар өтүлдү. Семинарда өсүп келе жаткан жаш муундарга азыркы учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдору жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле «Кемин райондук жаштар кеңешинин коомдук бирикмеси» тууралуу […]
04.07.2022 28
Бактылуу балалык кандай сонун, Шекердей таттуу балдай сонун! дегендей, баео сезимге толгон балалык кандай гана балдай ширин жана таттуу убак. Балдар-биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы. Асанкул Акаев атындагы жалпы билим орто мектебинде 2022-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоо күнүндө «Балдай таттуу балалык » аттуу балдарга арналган иш-чара өтүлдү. Балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында оюндар жана […]
02.06.2022 35
Мектепте билим кени бар, Үйрөнөмүн, билемин. Шыңгыраса коңгуроо, Классыма киремин. Окуу-менин таалайым, Окуу-менин тирегим. Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 20-майында «Кош бол, башталгыч класс» аттуу 4-класстын бүтүрүү кечеси болуп өттү. Башталгыч класс бул — билимдин башаты, 4 жыл бою алган билимдеринин жыйынтыгын көрсөтүү. Бул кече негизинен өтө оргиналдуу болуп өттү. 4-класстын […]
21.05.2022 34
Эне сизге кандай мактоо жарашат, Эне сизден кимдер данкты талашат. Эне барда эркелесин дайыма, Эне кымбат.Эне ыйык баарынан. Бүгүн бизде Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде сүйүүнүн, жылуулуктун жана түбөлүк чыдамдуулуктун символу болгон «Энелер күнү» өтүлдү. Энелер күнү өзгөчө жана унутулгус майрам. Тогуз ай көтөрүп, кыйналуу менен жарык дүйнөгө алып келген апалар баласы […]
17.05.2022 41
Бүгүн бизде чоң майрам, Алиппенин майрамы. Илим менен билимдин, Ушул китеп каймагы. Алиппенин майрамын, Бүгүн шаңдуу тособуз. Тамгаларды шар айтып, Ырлар менен коштойбуз. Асанкул Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 13-майында 1-класстын Алиппе майрамы болуп өттү. Алиппе — бул баланын сабатын ачуу, окууга жана жазууга үйрөтүүчү баштапкы окуу предмети. Баланын эң алгачкы, эң […]
15.05.2022 40
«Биринчи байлык — ден соолук» — демекчи, А.Акаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Жооптуу бол!» акциясы өз ишин улантууда. «Жооптуу бол!» акциясынын негизги максаты-жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында эркектерди медициналык кызматтар менен камтууну жогорулатуу болуп саналат. Анысы кандай биздин окуучулар дагы ата, байке, таята, чон аталарын саламаттык сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышты. […]
01.05.2022 41
1 / 3123